Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна укук коргоочу Калича Өмүралиева жооп берди.
Ал аябай чоң көйгөй экенин айтып өттү. “Биздин өлкө электромобилдерди чыгарбайт. Чет мамлекеттен алган кымбат. Ошондуктан электромобилдерди байлар эле албаса, жөнөкөй жарандар ала албайт. Коомдук транспорттор электромобилдерге өтсө жакшы болмок.
Кытай транспорттун бул түрүнө өтүп жатат. Бирок ал жакта электромобилдер чыгарылат. Экологиялык талаптар күчөсө акырындык менен өтөбүз. Эски автоунаалардын көп болгонунан аба булганып жатат”, - дейт Өмүралиева.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочу Динара Ошурахунова, экологдор Эмил Шүкүров жана Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.