Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкектеги абанын булгануусунан автоунааларды электромобилдерге өткөрүү керектигин айтты. Ал аба унаалардын көптүгү жана шаар тургундарынын көмүр жакканынан булганып жатканын билдирди.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Абанын булгануусун азайтуу үчүн электромобилдерге өтүү чарасы канчалык реалдуу?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.
Ал алгач жарандарды аба булганганда өзүнө кам көрүүгө үйрөтүү зарылдыгын айтты.
“Унаалардын баарын электромобилге өткөрүү реалдуу эмес. Унаалар сапатына жараша бааланат да. Жумушсуздук болуп жатканда жарандар арзан унааларды алып акча таап жатышат. Эл электромобиль ала алабы, аны сурап көрүү керек. Эгер өкмөт өзү баарын алмаштырып берем десе, анда билбейм. Бул аткарылбай турган иш. Биз эски нерселерди оңдой албай жатабыз. Электромобиль колдонгон жакшы, бирок ага чейин башка иш-чараларды көрүү керек. Азыр аба булганып жатканда адамдардын ден соолугуна кам көрүш үчүн адистерди тартуу керек. Учурда борбор калаада басып жүргөндөрдүн баарына, балдарга булганган абадан өзүн кантип сакташы керектигин үйрөтүү керек", - деди укук коргоочу.
Жогорку Кеңештин депутаттары Зиядин Жамалдинов, Абдывахап Нурбаев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Лев Васильев, Канатбек Мүзүралиев, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, укук коргоочу Калича Өмүралиева, экологдор Эмил Шүкүров жана Бактыгүл Стакееванын жообу бул шилтемеде.