Кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОго каттатуу демилгеленди

30-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясынын президенти Рыскелди Шамиевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага кыргыз күрөшү федерациясынын башкы машыктыруучусу Туратбек Тойчубеков катышты. Рыскелди Шамиев федерациянын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди. "Сентябрь айында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшү боюнча мелдеште аталган федерациянын балбандары 7 алтын медалды камсыз кылышкан. Ошол эле маалда Кыргыз күрөшү федерациясынын бир катар өлкөлөрдө филиалдары ачылып эл аралык федерация статусуна ээ болгон. 2019-жылы тарыхта биринчи жолу кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүү пландаштырылып жатат", - деди Шамиев.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргыз күрөшү федерациясын жетектөө ары жоопкерчиликтүү иш экенине, Дүйнөлүк оюндарында жараткан ийгиликтерине токтолуп, кыргыз күрөшү федерациясынын эл аралык макам алышы менен куттуктап өттү. Ал эми 2019-жылы кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиондугун өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөтөрүн кошумчалады. Ал федерация жетекчилерине кыргыз элинин улуттук спорт оюну болгон кыргыз күрөшүн мындан ары да өнүктүрүп, жаңы-жаңы бийиктиктерди багынта берүүнү каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине каттатуу маселеси талкууланып, бул багытта жапа тырмак иш-аракеттерди көрүү боюнча сөз болду. Дастанбек Жумабеков кыргыз күрөшүн ЮНЕСКОнун тизмесине каттатууга жетишүү кыргыз элинин тарыхында чоң бир из болуп каларына бекем ишене тургандыгын баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан