“Республика-Ата Журт” фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы миграциясынын учурдагы абалы талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Фракция лидери Жыргалбек Турускулов Кыргыз мамлекетинин 1 миллиондон ашуун жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрүшкөндүгүн айтып, күн тартибине коюлган маселенин актуалдуулугуна токтолду. Турускулов мигранттардын укуктарынын корголушу жана ички миграциянын күч алуу себептерин өкмөт өкүлдөрүнөн сурады.
Миграция мамлекеттик кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов расмий түрдө Кыргыз өлкөсүнүн 750 миңден ашуун жараны эмгек миграциясында жүргөндүгүн маалымдады. "Алардын 80 пайызы Орусияда, 10 пайызы Казакстанда, 10 пайызы башка өлкөлөрдө. Чет өлкөлөргө кеткен мекендештерибиздин 75 пайызы Баткен облусунан, 27 пайызы Жалал-Абаддан, 1,5 пайызы Чүй жана Нарын облустары менен Бишкек шаарынан болот. Ички мигранттардын 22 пайызын Ош облусунан, 19 пайызын Жалал-Абад облусунан келгендер түзөт", - дейт Ибраимжанов.
Ибраимжанов учурда миграция чөйрөсүндө аракеттеги мыйзамдарга анализ жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзүлгөндүгүн маалымдады. "Кийинки жылы биз Жогорку Кеңешке бириктирилген бир мыйзам долбоорун сунуштайбыз”, - дейт Ибраимжанов.