УКМК кызматкерлерине жаӊы батирлердин ачкычы тапшырылды

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн Каракол шаарында курулган көп кабаттуу үйдү пайдаланууга берүү салтанатына катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Спикер жаӊы турак-жайга ээ болгон УКМК кызматкерлерин куттуктады. "Бүгүнкү салтанаттуу иш-чара баарыбыз үчүн өтө маанилүү. Анткени мурда турак-жайга муктаж кызматкерлер үчүн көп кабаттуу үйлөр Бишкек шаарында гана курулуп келсе, акыркы жылдары аймактарда салына баштады. "Аймактарды өнүктүрүү" жылында мамлекет тарабынан алыскы райондордогу жашоо-турмушту жакшыртууга өзгөчө көӊүл бурулууда. Мындан ары да эл аралык терроризмге, радикализмге, экстремизм жана баңгизат трафигине каршы күрөш ырааттуу жүргүзүлүп, мамлекетибиз өнүгө берет деген үмүттөбүз. Ошондой эле күч түзүмдөрү жана мамлекеттик кызматкерлер, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу салты улантылышы керек", - деди Жумабеков.

Салтанаттын алкагында Дастанбек Жумабеков УКМК кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырып, балдар аянтчасынын курулушу үчүн 100 миӊ сом акча каражатынын сертификатын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Kuban1990
2018-12-01 18:02:32
Бизде справедливость жок, 4000айлыка иштеген мугалимдерге берсе болмок, кайжактагы паракорлого эмес!!!
+22
futboler
2018-12-01 22:51:57
Kuban1990, туура айтасың, буларың өлбөгүдөй эле
+7
nemo2016
2018-12-02 11:59:36
Kuban1990,дайыма жаны президент келет дагы эле ошолор алат укмка уй алыш боюнча рекорд койду
+4
izdeim_seni
2018-12-01 18:20:15
Эмнеге Күч түзүмдөгүлөр кайра-кайра үй ала беришет? Саясатчылардын сасык ишин жаап-жашырганы үчүнбү? Канчалаган жаш мугалимдер, 10 жыл окуп, 10 миң айлык алган медиктер, театрдын муздак сахнасына калчылдап титирегенине карабай иштеген маданият адамдарына эмнеге үй берилбейт? Эмнеге айлыгы көтөрүлбөйт? Кимге кошомат кылып, кимге үй беришти билесиңер. Бизге качан адилеттүү башчы келет экен...((((
+21
Ermekbai
2018-12-01 19:03:30
izdeim_seni,булар буйрукту кынтыксыз аткарганы үчүн алып жатат. Мугалим медиктер карапайыл эл шайлоодо гана керек.
+12
Nanei
2018-12-01 19:02:58
Башка кызматтагылар Адам эмеспи??? Аларга уй качан берилет??? Жогоруда айтылган мугалим Жана башкаларга??? Созсуз эле депутат,милиция,укмк эле алыш керекпи бириничи?
+8
Samar90
2018-12-01 19:43:30
Кыргызстанда таштасан жашайсын
+5
surgeon777
2018-12-01 21:06:21
УКМКга эле отуп кетсем окшойт....
+5
AIA-TOO
2018-12-01 21:58:32
Булар негизи, бир айлык шабашкаларына Бишкектин так ортосунан элитный үч бөлмөлүү батирди смело алышат. Буларга бербейле койсо болмок.
+9
arno2008
2018-12-01 22:20:44
Буларга асмандагы айды алып берсең да тойбойт.
+7
Busi06
2018-12-02 18:30:50
Сооронбай да соксойуп иштешти билбейт окшойт, качан биз да онуккон мамлкеттердин катарына киребиз? Букадай паракорлорду эле котормолой берсинерби? Медиктердин,мугалимдердин айлыгын, качан которусунор? Пенсияны качан которосунор? КАРАПАЙЫМ Эл качан жардам корот силерден?
0
Tekecher
2018-12-03 01:23:45
УКМКга подход дейт муну,элда билип калды уже
0
Umakg
2018-12-03 17:26:57
Буларда акча копго менин акем органда иштейт квартирада жашайт айлыка жетпей карыз болуп журот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан