Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлү Дорджи Кинлай менен анын өлкөдөгү миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө өкмөт башчы аталган өкүлчүлүккө адамдардын жашоо деңгээлин жана тамактануусун жакшыртууга, айыл чарба продукциясын өндүрүү жана кайра иштетүү натыйжалуулугун камсыздоого көмөктөшүүсү, ошондой эле айыл жергесиндеги райондорду өнүктүрүүнү жана айыл тургундарынын жашоо-шартын жакшыртууну өбөлгөлөөсү үчүн ыраазычылык билдирди.
Премьер-министр өлкөдөгү маанилүү долбоорлорду каржылоо жана техникалык көмөк көрсөтүү үчүн донорлордун күч-аракетин мобилизациялоодогу өкүлчүлүккө өзгөчө ролун белгиледи.
Мухаммедкалый Абылгазиев Дорджи Кинлайга мындан аркы ишиндеги ийгиликтерди каалап, аны энчилүү саат менен сыйлады.