Бүгүн Жогорку Кеңештин комитети "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат угат

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин комитети "Коопсуз шаарды" ишке ашыруу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат угат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жыйында чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу маселеси каралат. Баяндаманы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов жасайт.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынынын күн тартибине 4 маселе коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан