Өткөн апта ичинде жүргүзүлгөн рейддин алкагында мас абалында унаа башкарып жүргөн 247 айдоочу кармалып, 1 миң 66 айдоочунун унаасы айып пул төлөөчү жайга токтотулду.
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашкандай, 23-ноябрдан 29-ноябрга чейин жүргүзүлгөн рейддин алкагында өлкө аймагында 17 миң 718 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Мунун ичинен 1 миң 601 айдоочу унаасын атайын белгиленген ченемден катуу айдаганы үчүн токтотулса, унаасынын айнектерин караңгылатканы үчүн 37 айдоочу жоопко тартылган.