Суусу, электр жарыгы, жолу, мектеби жана бала бакчасы жок... Бишкектин четинде каралбай калган Адилет конушу (фоторепортаж)

Бишкекте жайгашкан Адилет конушуна 2006-жылы мыйзамсыз басып алуулардын негизинде жашоочулар тарабынан үйлөр салына баштаган. Учурда бул конушта 2 миң түтүн жашайт. Конуштун тургундары 12 жылдан бери социалдык объектилердин жоктугунан, тагыраагы, ичүүчү суу, электр жарыгы, жол жана башка маселелер менен тийиштүү жерлерге кайрылып, бирок ал көйгөйлөр чечилбей келет. Тургундардын кайрылууларына "силер жашаган конуш мыйзамсыз" деген жооп келет.

Адилет конушуна жакын конуштардын бири - Ак-Бата конушу. Кошуна жайгашкан аймактагы мектепке барып келип окуп жаткан 5-класстын окуучусу жол көйгөйү тууралуу буларга токтолду.

"Мектепке барууда бул жолдор көп түйшүк тарттырат. Күнүгө кошумча бут кийимибизди колубузга кармап, экинчисин ылай жолго кийип алып окууга барабыз. Мектепке жеткенде таза бут кийимибизди кийип алып класска киребиз. Жаан жааган күндөрү жолдун ылайынан баса албай окуучулар жыгылып кайра үйүнө кеткен учурлар көп болот", - деди ал.

Адилет конушунун тургуну Анаргүл Секенбаева - конуштагы демилгечи топтун мүчөсү. Ал ар кайсы жердин эшигин каккылап конуштун суу жана жол көйгөйүн чечип алсак дегендердин бири.

"Мыйзамсыз турукташып калганыбыз - биздин күнөө. Бирок андан бери 12 жыл өттү, өкмөт же тийиштүү органдар бир чара көрүшү керек эле да. Электр жарыгын бул жакта жашаган жашоочулар өз күчүбүз менен акча топтоп, тарттырып келгенбиз. Ал эми суу маселесин арабдардын ар кандай фонддоруна барып, демөөрчү издеп, өзүбүздөн түзүлгөн демилгечи топ чуркап жүрүп, эми араң суу алып кирүүгө жерлер казылууда. Буга чейин сууну кошуна жайгашкан Ак-Жар, Ак-Бата конуштарынан ташып ичип жашаганбыз. Суук түшкөндөн бери алар дагы суу бербей дарбазаларын жаап алышты. Бизде социалдык объектилер жок. Кошуна жайгашкан Ак-Бата, Ак-Жар жана Адилет конуштарына биригип 180 орундуу толук эмес орто мектеп салынган. Азыркы күндө ал жакта 1060 окуучу окуп жатат. Ал эми жолду болсо көрүп турасыңар, мышык ыйлай турган абалда. Бул көйгөйүбүздү карап, чечип беришсе жакшы болмок", - дейт Секенбаева.

"Жаңы конуш качан мыйзамдаштырылат, өкмөт тараптан кандайдыр бир иштер каралып жатабы" деген суроо менен Свердлов райондук администрациясына кайрылдык. Администрациядан аким иш сапары менен башка өлкөгө кеткенин айтып, орун басары менен байланыштырды. Бирок орун басары Адилет конушу алардын аймагына карабай турганын, конуш Аламүдүн райондук акимчилигине карай турганын айтып, суроолорду жоопсуз калтырды. Ал эми Аламүдүн райондук администрациясы аким же анын орун басары менен байланыштыра албай турганын билдирип, конуштун жарымы Ленин районуна, калганы Маевка айыл өкмөтүнө караштуу экенин айтты. Тийиштүү делинген айыл өкмөттөргө байланышка чыкканыбызда, алар биздин чалууларга жооп берген жок. Мындай аракеттен кийин тийиштүү айыл өкмөттөрү менен байланыша албаганыбызды айтуу үчүн Аламүдүн райондук акимчилигине телефон чалганыбызда чалуубузду жоопсуз калтырды.

Суу, мектеп, электр жарыгы жок. Каралбай калган “Адилет” конушунан репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bek_tash
2018-12-03 20:08:49
Мыйзамсыз барган өзүңөрдө экенда күнөө
+5
deva
2018-12-04 09:16:35
Мыйзамсыз салынган конуш болсо карашпайт да. Айрым конуштарда эл өздөрү акча чогултуп суу чыгарып, жолдоруна шагыл төктүрүп алып жатышат го. Эмне өздөрү кылышпайт?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан