Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды орнотуу иштери улантылууда

Бишкек шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустар орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда шаардык мэриядан билдиришти.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн пандустарды орнотуу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө Эмен сейил багында, Жаштар аллеясында жана Өкмөттүн скверинде пандустар орнотулуп бүттү. Буга чейин майып адамдарды жана балдарын коляскага сүйрөгөн энелерге атайын 11 пандус орнотулган. Пандустарды курууда бардык эрежелер сакталып, коюлган талаптарга жооп берген шарттар менен курулду", - деп айтылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан