Бишкек-Ош унаа жолунун айрым чакырымдарында артиллериялык куралды колдонуу менен кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү иштери жүрүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн, 3-декабрда билдиришкендей, кар көчкүсүн атып түшүрүү иштери Бишкек-Ош унаа жолундагы 132-137 жана 198-265-чакырымдарында жүргүзүлөт. Мындай иш-аракеттер 5-декабрга чейин улантылып, унаа жолундагы унаалардын каттамы мезгил-мезгили менен жабылмакчы.