Чүйдө өзүн-өзү атып алган прапорщиктин өлүмү боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүүдө

Чүйдө өзүн-өзү атып каза болгон прапорщиктин өлүмү боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда Кыйноолорго каршы борборунун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

Нурдин Сулаймановдун айтымында, ал окуя болгон күнү №16-түзөтүү колониясына барып келген.

"Окуя болгон жерге барып, прапорщиктин эмнеден улам өзүнө-өзү ок чыгарып алганынан кабар алганбыз. Анын жанынан кат табылып, ал катта кечирим сураганы жазылыптыр. Учурда бул иш боюнча Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин баштады", - деди Сулайманов.

30-ноябрь күнү Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын прапорщиги өзүн-өзү атып каза болгону айтылган. Каза болгон прапорщиктин сүйлөшкөн кызы асынып каза болгон соң, ал өз жанын кыйганын SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирген.

Бишкекте прапорщиктин өзүн-өзү атып алышына сүйлөшкөн кызынын өлүмү себеп болгонбу?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан