Бишкекте чөнтөгүнөн 400 миң сомго жакын акчасы менен эс-учун жоготуп, көчөдө кулап калган жаран акчаны башка адамга алып бараткан. Бишкек ШИИББинен бүгүн, 3-декабрда SUPER.KG порталына билдиришкендей, жарандын чөнтөгүнөн табылган акча анын жакындарына өткөрүлүп берилген.
Өткөн аптада интернетте эс-учун жоготкон адам "Тез жардам" кызматынын унаасында жатып, дарыгерлер анын чөнтөгүнөн табылган 400 миң сомго жакын акчаны санап жаткан видео тараган.
"Көчөдөн милиция кызматкерлерине бир бала кайрылып, белгисиз адам бордюрда абалы начарлап отурганын айткан. Ал жерге барган кызматкерлер киши жерде эс-учу жок абалда жатканын көрүшкөн. Алар "Тез жардам" кызматын чакырып, адамды унаага жаткырышкан. Анын аты-жөнүн тактоо максатында анын чөнтөгүнөн буюмдарын сыртка алып чыгышкан. Анда анын 2 уюлдук телефону жана ири суммадагы акчасы болгон. Дарыгер анын телефонундагы акыркы номурга чалганда апасы алып, уулу бирөөгө акча бермек болуп үйүнөн 400 миң сом алып кеткенин айткан. Акчаны эсептегенде ал жерден 397 миң сом табылган. Кийинчерээк 3 миң сомду короткону аныкталып, туугандарына өткөрүлүп берилген", - деп билдиришти шаардык милициядан.