Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Ысык-Көлдүн саркынды сууларын башкаруу” боюнча Кыргыз мамлекети менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашуунун долбоору каралды.
Жыйында депутат Сайдулла Нышанов түтүктөрдүн сапатына көңүл буруу керектигин айтты. "Ысык-Көл облусундагы Балыкчы, Каракол, Чолпон-Ата шаарларындагы саркынды сууларды башкарууга коюлуп жаткан түтүктөрдүн сапаты жогорку деңгээлде болуп, кеминде 15-20 жылга туруштук бериши керек. Беш жылдан кийин суу түтүктөрү иштен чыгып калбоосу зарыл. Мурда кетирген каталарды эске алып, долбоорду карап чыккыла", - деди эл өкүлү.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин айтымында, суу түтүктөрүнүн сапатына көңүл бурулуп жатат.
"Долбоордун негизинде Чолпон-Ата шаарынын саркынды сууларды башкаруу түтүктөрү толугу менен, ал эми Каракол шаары 65 пайыз, Балыкчы 45 пайыз жабдууланат", - деп билдирди.
Эл өкүлдөрү Чолпон-Атадагы эс алуу жайларынын көпчүлүгү санитардык талаптарга жооп бербей жабылып калганын айтышып, азыркы долбоордо каталарды кетирбөөнү эскертишти. Ошондой эле Ысык-Көл облусуна келе турган туристтерге шарт түзүүнү кошумчалашты.