Бүгүн, 3-декабрда парламент комитетинде органикалык айыл чарба азыгынын экспортун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.
Баяндаманы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев жасап жатат.
Мыйзам долбоорунда жазылгандай, республикада органикалык айыл чарба чөйрөсүндөгү улуттук стандарттар, сертификаттоо жана аккредитациялоо системдери жок. “Республикадагы органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү ченемдик укуктук базасын түзүү болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде органикалык айыл чарба өндүрүшүнө көңүл бурулууда. Органикалык айыл чарба кыймылынын эл аралык федерациясынын маалыматы боюнча 2015-жылы өлкөдө органикалык азыкты өндүргөн чарба субъекттеринин саны 1035ке жетти. Республиканын фермерлеринин органикалык айыл чарбанын ыкмаларына кызыгуусунун артып жатканын белгилеп кетүү керек. Органикалык айыл чарба өндүрүшү – бул заманбап этаптагы дүйнөлүк экономиканын агрардык секторунун өнүгүп жаткан багыты”, - деп жазылат маалыматта.