2019-жылы Соцфондго канча миллиард сом түшөрү белгилүү болду

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеӊештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевдин айтымында, 2019-жылга аталган фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 миллиард 61 миллион 345 миң сом эсептелди. Ал эми 2020-2021-жылдарга 57 миллиард 426 миллион 512 миң сом жана 60 миллиард 992 миллион 94 миң сом көлөмүндө түзүлдү.

“2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23 пайызы пенсиялык фондго, 2 пайызы мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2 пайызы милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерилет”, - деди ал.

Ошондой эле 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32 миллиард 744 миллион 294 миң сом өлчөмүндө пландалганы белгилүү болду.

Жогорку Кеңештин депутаттары аталган мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан