Түркияда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн аял үй жыйнап иштеген жерден баалуу буюм жана көп суммадагы акча уурдап кармалды

Түркиянын Стамбул шаарындагы Зейтинбурну районунда Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн аял өзү жыйнап иштеген үйдөн баалуу буюм менен көп суммадагы акча уурдап кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган райондун тургуну полиция кызматкерине арыз менен кайрылган. Арызда ал үйүн жыйнап иштеген кызматкер баалуу буюмдарын жана акчасын уурдап кеткенин айткан. Ошондой эле окуя болгондон кийин ал үйдөн из жашырып, үй ээсинин телефон чалуусуна жооп бербей койгон.

Бул боюнча полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, шектүү катары Кыргыз өлкөсүндө төрөлгөн Е.Т. аттуу аялды кармашкан. Аял кармалган учурда анын жанынан 16 миң лира, 2 миң АКШ доллары жана саат табылган. Шектүү бөлмөнү жыйноо учурунда үй ээси сейфтен акча алып жатканын байкап, анын сыр сөзүн жаттап калганын алгачкы көрсөтмөсүндө айтып берген.

Түркияда кыргыз аял уурулук менен кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nanei
2018-12-03 13:42:56
Кыргыз эмес болуш керек,анткени турктор деле билип уалышыптыр. Тажик ,озбектерди коп алышпайт экен жумушка. Анан алар кыргыз жарандыгын аоышып ,кыргызбыз деп барышат экен. Бильейм калппы,чынбы ошоо жакта иштеген кыргыз эжелер айтып бкришкен, чон эле озьек аялдар паспортунда кыргыз болуп алышкан деп
+8
JaneEr
2018-12-03 13:43:26
Кыйратыптыр
+3
Tyty1990
2018-12-03 13:47:17
Өзбек окшойт
+4
atanazarov10
2018-12-03 14:09:49
Озбекстандыктар Ошто кунугу паспорт алат Кыргыз деп. Себеби Ош шаарында 3жерде паспорт стол бар ошондогу иштеген ХХХХ. Кара-Сууну вапще туугандар ээлеп алган
+10
admin_superstan
2018-12-03 14:56:43
atanazarov10,
Провокациялык маанидеги билдирүү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-6
senchi
2018-12-03 14:37:17
Е.Т значить кыргыз аты эмес
+6
raykray
2018-12-03 22:00:27
Кээбир сайтта М.И деп журотко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан