2019-жылдын алгачкы күнүнөн баштап Кыргыз өлкөсүндө бензиндин баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын башына чейин өлкөбүзгө Орусиядан күйүүчү майларды салыксыз ташып келүү боюнча келишим ырасталбаса күйүүчү майлардын баасы 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн.
"Күйүүчү майлар боюнча келишим 1-октябрга чейин ырасталышы керек болчу, бирок тиешелүү органдар бул ишти аткарган жок. Азыркы тапта күйүүчү майларды салыксыз ташып кирүү келишиминин жокко чыгуу коркунучу пайда болууда. Эгерде күйүүчү майлар салык менен киргизиле турган болсо, анда өлкөбүздө күйүүчү майлардын баасы 2-3 сомго кымбаттайт", - деп билдиришти ассоциациядан.