Депутат Исмаилова: "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны 29 миңди түзөт"

Бүгүнкү күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 181 миңди түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-декабрда маалымат жыйында депутат Аида Исмаилова билдирди. Анын айтымында, 181 миң мүмкүнчүлүгү чектелгендердин 29 миңи балдар.

"Бул аябай өкүнүчтүү. Балдардын көпчүлүгү атайын жайларда. Алардын көпчүлүгүнүн эле ата-энеси бар. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин пенсиясы мурда 3 миң болсо, азыр 4 миңге көбөйгөнүн айтты. Бул жакшы жышаан. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жаш курагы өзү теңдүүлөр менен бирге билим алышын камсыздасак жакшы болмок. Бирок андай мүмкүнчүлүк жок", - дейт Исмаилова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aza17
2018-12-03 14:11:16
Союздун кезинде аз болчу.Азыр болсо Кытайдын пайдасы да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан