1-декабрь күнү Ысык-Көл облусундагы 110 киловаттык жогорку чыңалуудагы "Ысык-Көл - Чолпон-Ата-1" электр тогун өткөрүүчү аба чубалгыларынын темир-бетон тирөөчтөрү зыянга учурады. Бул тууралуу "Улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому билдирди.
Маалыматка ылайык, ылдамдыгы секундасына 23 метрге жеткен шамалдан зыянга учураган тирөөчтөрдү оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.
"Учурда "Ысык-Көл жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасы зыянга учураган тирөөчтөрдү калыбына келтирүүдө. Бул чубалгы аркылуу электр жарыгы менен камсыздалгандар "Ысык-Көл-Чолпон-Ата-2" чубалгысы аркылуу электр энергиясы берилип жатат. 16-декабрга чейин оңдоп-түзөө иштери аягына чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.