"Тоок уурдагандар да соттолуп жатат". Оор эмес кылмыш жасагандар эми камакка алынбай, коомдук жумуштарга активдүү тартылып башташы мүмкүн

Өлкөдө пробация институту иштеп башташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Депутат Тазабек Икрамов пробация институту кандай иштерди алып бара турганына кызыкты. "Пробация институту аркылуу соттолгон жарандарды эмне кыласыңар, кандай жардамдарды бересиңер?" - деп сурады ал.

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров өтө оор эмес кылмыш жасаган жарандарды камакка алуунун ордуна коомдук жумуштарга тартуу жүргүзүлөрүн айтты. "Учурда тоок уурдагандар да соттолуп кетип жатат. Аларды соттобостон, түзөтүү, коомдук жайларды тазалатуу сыяктуу мамлекеттик мекемелердин иштерин жасатуу керек.

Пробация боюнча иштеген кызматтарда психологдор менен социалдык кызматкерлердин иш алып барат. Абакта жаткандардын мөөнөтү бир жыл калганда пробация институтунун көзөмөлүнө алынат. Анткени абактан чыккан жарандардын көбүнүн паспорту жок, каякка барарын билбейт. Ар кайсы жерге кагылып-согулуп жүрүп, кайрадан кылмышка барат. Ошондуктан пробация институтунун кызматкерлери тарабынан абактагы жаза мөөнөтү аяктап калган жарандардын документтери боюнча тийиштүү уюмдар менен иш жүргүзүп, жакын туугандары менен байланышты жандандырып берет", - дейт Жапаров.

Депутат Икрамов пробация институтунун иши так аткарыла турган болсо, жакшы жыйынтык берерин айтты. "Жаштык кылып балдардын кетирип койгон катачылыктарынан алардын тагдырына балта чаппай, ушундай иш-чаралар менен аларды кайра коомго аралашып кетүүсүнө шарт түзөт. Мен бул мыйзам долбоорун колдойм", - деди Икрамов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pamirlan
2018-12-03 20:22:19
Уурулар Жыргайт экен да,чонток телефонумду жоготтум Ошбазарда , милициялар таап бербейспи, уурулар менен чогуу иштешет экен,менттер
+1
Zynk.kg
2018-12-04 17:47:50
Тоок урдасада уурулук болот жазасын алыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан