"Өкмөт мүчөлөрү барып, жеринен кабар алган жок". Жанар Акаев Чаткалдагы алтын кенге байланыштуу чыккан маселени парламентте көтөрдү

Чаткал районунун Терек-Сай айылында 100дөн ашык адам митингге чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Депутат Терек-Сай айылында митингге чыккан жарандардын маселесин вице-премьер-министрге тез аранын ичинде жеткирүү керектигин билдирди.

"Чаткалдагы митингге чыккандардын маселеси тез арада чечилиши керек эле. Бирок өкмөт мүчөлөрүнөн эч ким барып жеринен кабар алган жок. Өздөрү чечип алсын деген мамиле жасалып жатат. Дал ушул иштин алкагында 2-декабрда Терек-Сай айылынын 15 тургунун тергөөнүн алкагында милиция алып кеткен. Эки тараптын тең пикирин угуп, бир пикирге алып келиш керек", - деп кайрылды эл өкүлү өкмөт мүчөлөрүнө.

Кечээ, 2-декабрда Чаткалдагы алтын кенде чыккан чыр боюнча 15 адам камакка алынып, бүгүн жүздөгөн эл митингге чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
CEO1
2018-12-03 16:19:25
Ушул бала кызык! Эмне, вице-премьерге чабарман жонотуш керекпи?! Бул жагы, "вице-премьер уктап жатат, барып акырын ойготуп, кабарды билдирип кайт" дегендей кеп болуптур го?!!

Чаткалдагы кырдаал журналисттерден мурун Ак уйго жетсе керек озу. Вице-премьер менен Окмот башчы куурчактар. Оздору бир нерсе чече албайт оз алдынча. Аларга "жогору жактан" корсотмо, буйрук келсе гана кыймылдашат. Жогору жагы Сооронбай Жээнбеков, кошого артындагы фигура (ферз) Асылбек Жээнбеков ж
0
Benazir08
2018-12-03 17:11:58
Жаке ишке жарап чечип бериниз эми. Башка адамдар кыймылдабай атат ортодо эл эле кыйнала турган болду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан