Ысык-Көлдөгү 3 шаарды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 29 миллион доллар насыя алынууда

Бүгүн, 3-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Ысык-Көл облусундагы Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларында саркынды сууларды тазалоо маселеси каралды.

Таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошевдин айтымында, "Азия өнүктүрүү банкы" бул багытта 41,87 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр.

"Бул каражаттын 12,84 миллион доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө", - деди Токтошев.

Кийинчерээк ушундай эле долбоор Нарын шаарында да ишке ашырыла турганы белгилүү болду. Талкуунун жыйынтыгында аталган комитет насыялык жана гранттык макулдашуулардын долбоорун жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Shekeev969798
2018-12-03 21:05:12
карызыбызды толой албай жатсак кайра карыз алабыз дегенинер кандай? Кереги жок албагыла! Алган кундо да анын 1% эле сууга жумшалат калганын болуп алышат тологонго келгенде элге кыйын!
+1
Salaf
2018-12-03 21:08:17
Ойлонбой эле алып жатасыңарго карызды. Бираз болсода жүрөктө коркуу сезим барбы деги силерде?!
+2
Elaman_Arypov
2018-12-03 23:00:17
Карызды толобой олуп калышат да,келерки муундар толойт деп
0
Enjoy
2018-12-03 23:50:41
Таза сууну Афиркадан алып келесинер го ээ?
Алкым мынча чон?
0
Mamiev
2018-12-04 00:28:23
Ушунчалык байкуш мамлекетпиз ар бир жасаган жумуштарына чет жактан акча алып жасашат. Деги кочмондор оюнунда жасалган туалеттер өз казынабыздан жасалдыбы? 29 миллион эмне деген акча. 29дун 9 миллионы жумшалса калганы сол чонтокко кетет. Качан өз мамлекетибиз өзүбүздү камсыз кылат. Алтын кен суу көмүр эмне деген байлыктарыбыз бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан