Бишкек шаарында “Манас эпосунун күнү” белгиленет

Борбор калаада “Манас эпосунун күнү” белгиленет. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара эртең, 4-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтмөкчү.

"Манас" - Кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу. "Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча репрезентативдик тизмесине катталган. Мындай чечимди дал ушул күнү, 4-декабрда Баку шаарында материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин жыйынында 24 мамлекеттен турган комитеттин мүчөлөрү тарабынан кабыл алган. 2003-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар комитети Кыргыз Республикасынын атынан номинацияланган "Акын-манасчылардын көркөм өнөрү адамзаттын дүйнөлүк мурастарынын курамдык бөлүмү катары" долбоорун дүйнөлүк маданий мурастын шедеври деп жарыялаган", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан