"Жалал-Абад облусундагы Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылынын тургундары кечээтен бери бир гана камакка алынган 17 жергиликтүү тургунду бошотуу талабында эмес, жумуш ордуларына байланышкан маселе боюнча дагы нааразычылык билдирип чыгышты". Мындай маалыматты бүгүн, 3-декабрда жергиликтүү тургун SUPER.KG порталына кабарлады. Анын айтымында, учурда кендин айланасында 400дөн ашуун милиция кызматкери тартипти көзөмөлдөп турушат.
"Чаткал районундагы Терек-Сай айыл өкмөтүнүн алдына 2 күндөн бери жергиликтүү калк чыгып митинг уюштурууда. Элдин талабы бир гана буга чейин кармалган 17 адамды чыгарып алуу эмес, жумуш ордулары менен элди камсыз кылуу жана аны жакшыртуу болуп жатат. Кенде иштегендердин жумуш ордун кескин кыскартып салышкан. Кен иштетүүчү фирма биздин жерде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан соң жергиликтүү калкты жумуш ордулары менен камсыз кылуусу керек. Антпесе бизге зыянынан башка пайдасы жок. Терек-Сай айылында кенден башка иштечү жумуш деле жок. Айдоо жерлери тартыш, жокко эсе, мал-жан кармоого да ыңгайсыз", - дейт айыл тургуну.
Жергиликтүү тургундун айтымында, жумуш ордулары бүгүнкү күнгө чейин 20 адамга чейин кыскарып жана иштен чыгарылгандардын саны дагы да көбөйүшү мүмкүн. Ал эми адамдар жасаган жумуштун орду техника менен алмаштырылууда. Калктын митингге чыгышынын дагы бир себеби цианид иштетүүчү заводдун айылдан алыс эмес, 200-300 гана метр аралыкта курулуп жатышы.
"Маалыматтар боюнча 14 адам камалды деп жатышат, бирок бүгүнкү күндөгү маалыматка таянсак, кармалгандардын саны 17. Алардын жаш курагы 20-30 жаштагылар. Арасында аялдар жок", - деген маалыматтары менен бөлүштү тургун.
Окуянын чоо-жайы:
Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, кенди кайтарган атайын даярдыктагы отрядынын 3 кызматкери жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Ал ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй ал 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.
ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. Кечээ, 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган.
Кен иштеткен түрк фирмасынын иштешине каршы митинг кечээ, 2-декабрда кайра башталган.