Кечээ, 3-декабрда парламент комитетинде кайрак, таштак жерлерге бак-дарак тигүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралды.
Депутат Мирлан Бакировдун айтымында, алгач мыйзам долбоору сугат айдоо жерлеринин бонитети 40тан төмөн болгон тилкелерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү максатында даярдалган. Ошону менен катар бак-дарактарды кайрак жерлерге отургузууга басым жасоо сунушталып жатат.
Жогорку Кеңештеги өкмөттүн өкүлү сунушталган өзгөртүүлөр менен сугат айдоо жерлеринин көлөмү азайып кетпесин деген кооптонуу менен долбоорго кайрак жерлерге бак-дарак тигүүгө уруксат деп баса белгилеп кетсек деген сунушун берди. Депутат Мирлан Бакиров мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бак-дарак тигүү боюнча жарандардан кайрылуу келсе, ал маселе боюнча Айыл чарба министрлиги саясат жүргүзүп, чече тургандыгы долбоордо белгиленгендигин айтты.
Жыйынтыгында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.