Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов маалымдагандай, 1-декабрда Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Миң-Куш айылында орун алган жер көчкүнүн натыйжасында ички жолдор жабылып, суу чарба объектилери талкаланган.
"Ошол эле күнү ӨКМ жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринен турган комиссия түзүлүп, келтирилген зыянды баалоо жүргүзүлгөн. Учурда жолдун бир тарабы ачылып, ичүүчү суу жеткирүүгө атайын транспорт дайындалган. Суу инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча иштер улантылууда, алар бир жума ичинде жыйынтыкталмакчы", - дейт Калыс Ахматов.
Ошондой эле ал кошумчалагандай, 30-ноябрдан 1-декабрга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен Ысык-Көл облусунда 122 үйдүн жана 22 социалдык объектинин чатыры бузулган. Анын маалыматы боюнча, Жети-Өгүз районунан жабыркагандардын саны көп, облус боюнча жалпы зыян 14 миллион 3 миң сомду түзөт.
Мухаммедкалый Абылгазиев маалыматты угуп чыгып, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновго өзгөчө кырдаалдын кесепетин жоюу жана жапа чеккен адамдарга жардам көрсөтүү боюнча кырсыктан жабыркаган райондорго барууну тапшырды.
Өкмөт башчы ырастагандай, келтирилген зыянды баалоо жана кырсыктын кесепетин четтетүү боюнча уюшкан жана ыкчам иштерди камсыздоо зарыл.