3-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз мамлекетинин айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр каралды.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров баяндамасында мыйзам маанисин түшүндүрдү. Анда белгиленгендей, жазыктык-укуктук мүнөздөгү чаралар колдонулган адамдардын түзөлүүсү жана кайрадан коомго кошулуусуна шарттарды түзүү аракеттери колго алынат.
Жыйында депутат Тазабек Икрамов: "Тоок уурдады" деп эле балдардын тагдырына балта чабуудан алыс болсок. Анын ордуна аларга туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, келечегин ойлосок", - дейт.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынынын аягында Пробация институтун жайылтуу маселелери укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кароосуна жөнөтүлдү.