Испаниялык "Реал Мадрид" клубунун жана Хорватия курамасынын жарым коргоочусу Лука Модрич биринчи жолу "Алтын топко" жетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Аталган абройлуу сыйлыкты жыл сайын France Football басылмасы тапшырып келет.
"Сыйлык тапшыруу аземи 3-декабрда Париж шаарында болуп өттү. Модрич 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугунда өлкө курамасын финалга чейин жеткирип, "Мыкты оюнчу" деп табылган. 10 жылдан бери "Алтын топту" Леонель Месси менен Криштиану Роналду алып келген. Алардын ийгилигин Модрич токтото алды", - деп жазышат басылмалар.
"Алтын топту" France Football басылмасы 1956-жылдан бери ыйгарып келет. 2017-жылы бул сыйлыкка Криштиану Роналду татыган.