Акыйкатчы туугандары Кытайда камакка алынды делген Кыргыз жарандары менен жолугушту

Акыйкатчы Токон Мамытов туугандары Кытайда камалды делген жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Алар Кытайда дайыны чыкпай жаткан жана “тарбия берүүчү” лагерлерге жөнөтүлдү делген туугандарынан кабар алуу суранычы менен кайрылышкан.

Токон Мамытов арыз жазылгандан кийин гана аракеттер көрүлө баштай турганын билдирген. "Тийиштүү арыз келип түшкөндөн кийин эл аралык нормалардын алкагында Кыргыз мамлекети менен Кытайдын эки тараптуу келишимдеринин негизинде чаралар көрүлөт", - деген Мамытов.

Аталган окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги да тиешелүү иштерди жүргүзүп жатканын маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
faraon312
2018-12-04 08:56:13
Колуңардан бок дагы келбейт, дагы бир шылтоо табасыңар да качасыңар. Азыркы бийликтегилерге кытайдын акчасы болсо эле болду, койнуна киргизгенден кайра тартышпайт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан