"Манас" аэропортунун жетекчиси боло турган Абдималик Бусурманкуловдун кара-кулжалык экендиги талкууга түштү

"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев өз арызы менен кызматынан кетти. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлады. Анын ордуна жетекчилик кызматты жүргүзүүгө Абдималик Бусурманкулов дайындалды. "Манас" аэропортунун басма сөз кызматы Бусурманкулов жетекчинин милдетин убактылуу гана аткарып жатканын белгиледи.

Бусурманкулов Абдималик Бурканбекович 1966-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Буга чейин ал "Манас" аэропортунун инфраструктуралык өнүктүрүү дирекциясынын директору болуп иштеп келген. Анын өмүр таржымалы тууралуу кенен маалымат кийинчерээк таратылары айтылды. Маалыматтарга караганда, анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан