Умар Мажитов - кесиби боюнча чач-тарач. Ал кардарлардын кыркылган чачынан түрдүү сүрөттөрдү, адамдардын портреттерин тартат. Чач менен сүрөт тарткан ал, эмгектерин чет элге тааныткысы келе турганын айтат.
"Мындан 1 жыл мурун кардардын чачын кыркып бүткөндөн кийин жерге түшкөн чачты карасам, кандайдыр бир сүрөткө окшошуп калыптыр. Ошондо, демек, чачтан да сүрөт тартса болот турбайбы деген ой келген. Азыр бир сүрөт тартуу үчүн 45 мүнөттөн 10 саатка чейинки убакыт талап кылынат", - дейт ал.
Умар Мажитовдун эмгектери менен таанышууну кааласаңыз, төмөндөгү видеоматериалга назар салыңыз.