"Манас" аэропортуна убактылуу жетекчи болуп барган Абдималик Бусурманкулов кайрадан кызматтан алынды. Кечээ, 3-декабрда "Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев өз арызы менен кызматынан кетип, ордуна Бусурманкулов милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Көп өтпөй Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул дайындоону жокко чыгарып, Бусурманкуловдун ордуна Мирлан Бегалиевди дайындады. Ал аталган мекеменин Бишкектеги филиалынын жетекчиси болуп иштеп келген.
Буга чейин Бусурманкуловдун кара-кулжалык экени жана анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкуловдун учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштей турганы талкуу жараткан.