Парламент комитетинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Ирандын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты

Бүгүн, 4-декабрда парламент комитетинде ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Ирандын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты.

Баяндаманы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров жасады. “Бир тараптан ЕАЭБ менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Ирандын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашууга 2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз мамлекетинин мыйзамдарына жана эл аралык келишимдерге шайкеш келет. Убактылуу макулдашуу тараптардын ортосунда бардык товарларга алгылыктуу жеңилдиктерди берүү режимин жана өз ара улуттук режим берүүнү карайт”, - дейт министрдин орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан