Москва мамлекеттик университетинде өтө турган конференцияга депутат Алмамбет Шыкмаматов менен Тынчтык Шайназаров барат. Мындай чечимди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.
Депутат Ирина Карамушкина "Бул иш сапар Жогорку Кеңештин бюджетинен каржыланабы" деп сурады.
Депутат Абдывахап Нурбаев учак менен учуу акысы Жогорку Кеңештин бюджетинен, ал эми калганы жыйындын уюштуруучулары тарабынан каржылана турганын айтты.
Карамушкина мындай иш-чараларга Шыкмаматов эмес, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттин мүчөлөрү барышы керектигин белгиледи.
Нурбаев Шыкмаматов 3 жыл аралыгында чет мамлекетке иш сапары менен бара электигин эскертти. Жыйынтыгында бул маселе добушка коюлуп, депутаттар колдоду.