“Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы аэропорту Советтер Союзунан бери бар. Бирок ишке кирбей турат. Эгерде Каракол шаарындагы аэропортту ишке киргизсеңер, ички туризм өсмөк”. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков бүгүн, 4-декабрда комитет жыйынында билдирди.
Эл өкүлү Каракол шаарында кышкысын туристтердин саны көп болорун айтып, Ош, Жалал-Абад облустарынан түз келе турган авиакаттам киргизүүнү сунуштады.
"Түштүк аймактын эли Ысык-Көлгө келүү үчүн Бишкекке келип, анан барышат. Жолдо эле 2 күндөй убактысы кетип жатат. Түз каттам болсо, ички туризмдин өсүүсүнө жакшы болмок", - дейт Турусбеков.
Транспорт жана жолдор министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев Каракол шаарындагы аэропорттогу конуу тилкеси талапка жооп бербей турганын айтты.
"Каракол шаарындагы аэропорт боюнча тиешелүү сертификат алынган. Бирок конуу тилкеси талапка жооп бербейт. Бир гана тик учак коно алат. Ал эми Ысык-Көлдүн Тамчыдагы аэропорту күнү-түнү учактарды кабыл ала алат", - деди ал.