Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Максат Сабиров чет мамлекетте канча Кыргыз жараны каза болгонун сурады.
Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шериповдун айтымында, чет мамлекетте жалпы канча адам каза болгону боюнча маалыматы жок экенин айтты.
“Жүк 200” алуу боюнча үч документ талап кылынат: паспорт, жарандыгын тастыктаган документ жана каза болгонудугу тууралуу күбөлүк. Азыркы убакта “жүк 200” үчүн 50 миң сом берилет. 150 жаранга 8 миллион сомдон ашык акча берилди”, - дейт Шерипов.