Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында ар кандай маселелер каралып жатканда депутат Махабат Мавлянова интернетти колдонуу маселесин көтөрдү. Эл өкүлү жаш балдар интернеттеги терс маанидеги маалыматтарга, порнографиялык тасмаларга тоскоолдуксуз кирип көрө алышарын айтты.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мыйзамга туура келбеген сайттар соттун чечими менен жабыларын билдирди.
"Соттун чечими чыккандан кийин интернет провайдерлер аркылуу "Кыргызтелекомго" окшогон бардык компанияларга IP даректери жиберилип, терс көрүнүштөгү видеотасмаларды тараткан сайттарды жабуу тууралуу буйрутма берилет", - деди Каниметов.
Ал социалдык тармактардагы тараган терс көрүнүштөгү видеотасмаларды жабуу оорчулук жаратып жатканын кошумчалады.