Лейлекте жайытка жылкы издеп кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси табылды

Лейлекте жайытка жылкы издеп кетип 4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

"29-ноябрь күнү 1966-жылы туулган К.Мансуров аттуу жаран Катраң айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы үйүнөн Бужум жайлоосунун Ак-Таш жайытына жылкы издеп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан. Анын жакындары ӨКМга издөө иштерин жүргүзүүнү суранып, 2-декабрь күнү кайрылышкан. Издөө иш-чараларын жүргүзүүгө жалпы 25 куткаруучу тартылган. Кечээ, 3-декабрь күнү саат 18:00 чамасында Бужум жайлоосунда маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ekaterinburg
2018-12-04 13:04:47
Себебин неге жазбайсынар?Кооп учурларда себебин жазбай коесунар да.Же кабарынар жокпу?
+1
admin_superstan
2018-12-04 13:35:06
ekaterinburg,
Саламатсызбы, азырынча ушул эле маалымат берилген. Калган себептери такталууда.
0
ekaterinburg
2018-12-04 13:49:42
admin_superstan, Чоон рахмат.Бул башка геп.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан