Лейлекте жайытка жылкы издеп кетип 4 күндөн бери дайынсыз болуп, кийин жансыз денеси табылган К.Мансуровду кар көчкү басып каза болгон. Мындай маалыматты Катраң айылынын тургундары билдирди.
"29-ноябрда Бужумдун Ак-Таш жайытына мал издеп кеткен айылдашыбыз дайынсыз жоголгон. Кийин аны туугандары өз алдынча издөөгө чыгышкан. Издөө иштери менен аркасынан чыккан туугандарын кар көчкү басып, арасынан бирөө каза болуп калган. Туугандары каза болуп калган адамдын жансыз денесин алып кайра артка кайтышкан. 2-декабрда аны жерге берип, Мансуровду издөө үчүн ӨКМга кайрылуу жасашкан. Алар 3-декабрь күнү жылкыга кеткен айылдашыбыздын жансыз денесин кар алдынан таап чыгышты", - деп билдирди тургун. Белгилүү болгондой, кечээ табылган К.Мансуровдун жансыз денеси бүгүн, 4-декабрда жерге берилди.