Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөт мекемелерди паспорттоштуруу жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп келүүгө убакыт сурады

Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралды.

Депутат Кожобек Рыспаев мурда өкмөт бул мыйзам долбоорун иштеп чыгууга убакыт сурап, маселени кароо кийинкиге жылдырылганын эскертти.

Азамат Оморов Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлык кызматына келгенде мамлекеттик ишканалар гана паспорттоштурула турганын айткан. Ошондон бери бул маселе чечилбей жатат. Мурунку отурумда дагы бул мыйзам долбоорун бир жумага жылдырып койгонбуз”, - деди Рыспаев.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев депутаттар тарабынан сын-пикирлер айтылганын эске салып, мыйзам долбоорун иштеп чыгууга убакыт сурады.

Депутат Бактыбек Турусбеков мыйзам долбоору боюнча баяндамачылар даярдыксыз келип жатканын айтты. “Жыйынга даярданбай келген баяндамачынын жоопкерчилигин кароо керек же маселени комитеттин күн тартибинен алып салуу зарыл”, - дейт Турусбеков.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууга убакыт берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан