"Бишкектин Кара-Жыгач конушунда канализациядан бензиндин жыты чыгып жатат" дейт конуштун тургуну

Бишкектин Кара-Жыгач конушунда канализациядан бензиндин жыты чыгып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган конуштун тургуну Ширин Адиева билдирди.

Анын айтымында, жагымсыз жыт үй ичин каптап кеткен.

"Кара-Жыгач конушунда 2-3 сааттан бери канализациядан бензиндин жыты чыгып жатат. Жыт үй ичин каптап, балдарым кусуп жатышат. Кошуналардан сурасам, аларда деле ушул көрүнүш экен. Эшик терезелерди ачып, таза аба киргиздик", - деди конуштун тургуну.

Бул тууралуу шаардык Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгына кайрылганыбызда, конуштун тургундары тарабынан кайрылуу келбегендигин жана адистер аталган маалымат боюнча текшерүү иштерин жүргүзө тургандыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан