Бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында 2018-2020-жылдардагы Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынын долбоору тууралуу маселе каралып жатат.
Депутат Бактыбек Турусбеков "Караван" соода борборунан бир жылда канча каражат түшө турганын сурады. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлөбердиев 9 ай ичинде киреше 8 миллион 800 миң сом чыкканын айтты. "Бир жылда 10 миллион сом киреше алып жатабыз, 20 миллион сом ижарадан алынат", - деди Түлөбердиев.
Депутат "Караванды" сатып алгандар иштетпей койсо бир канча адамдар жумушсуз кала турганын айтты. Түлөбердиев: "Соода борборунун баасы 700-800-900 миллион сомго чейин болот. Жылына 30 миллион алып жатсак, 700-800 миллион сом алуу үчүн 30 жыл күтүүгө туура келет", - дейт.