"Кепилдик фондунун" кеңсеси үчүн жылына 960 миң сом төлөнөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.
Анда депутат Эльвира Сурабалдиева "Кепилдик фонду" отурган кеңсенин ижарасына канча кетет, анын чыгымын ким каржылайт?" - деп сурады.
"Кепилдик фонддун" төрагасы Малик Абакиров бир айга ижара акысы 82 миң сом экенин билдирди. "Мекеменин ижарасына кеткен чыгымды өзүбүз жабабыз. Бир айга 82 миң сом болсо, жылына 960 миң сом төлөнөт. Бул чыгымды өзүбүз жабабыз. Эч кандай мамлекеттик бюджеттен алынбайт. Учурда фонддо 45 кызматкер иштейт", - деди Абакиров.
Депутаттар 1 миллионго жакын акча ижара акысына сарпталганына нааразычылыктарын билдиришти.