"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.
SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.
Анын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев туугандарын мамлекеттик кызматтарга дайындоого кескин түрдө каршы болгон.
"Атамбаев досторунун суранычтарынан баш тартканы же аларды жазалаганы үчүн бир тобунан алыстаган. Эгер бир эле тууганы кызматка дайындалып, бир жыл ичинде мыкты жыйынтык көрсөтүп, тармакта жылыш байкалса жакшы болмок, бирок мындай мисал жок. Кызматтарга накта кесипкөйлөрдүн келиши үчүн жана өлкөнү жакшы жыйынтыктарга жеткириши үчүн менталитеттеги терс адаттардан баш тартып жана туугандары менен урушууга даяр болуу керек. Ал үчүн принципиалдуу реформатор жана инсан болуу зарыл. Даяр адистер болбойт, ал үчүн көп жылдык окуп үйрөнүү жана эмгек керек", - деди Карамушкина.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.