"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.
SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Ал бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдетин токтотууга коом, жарандык активисттер таасирин тийгизе аларын баса белгиледи.
"Массалык маалымат каражаттары же болбосо жөн эле мамлекетте сөз эркиндиги бекем болсо, бийлик өзүнүн жакындарын, туугандарын, өздөрүнө гана баш ийген адамдарын бийликке алып келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Бийлик таасирдүү боло баштап, кызматка сынак менен кесипкөй, татыктуу адамдарды алып келүүгө мажбур болот. Эгерде мен айткан нерселер жок болсо, анда бийлик каалаганын жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.