Коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев: "Дос-туугандарды кызматка коюу илдетин токтотуу үчүн бийлик системин алмаштыруу керек"

"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.

Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.

SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев жооп берди.

Ал эл бийликтин ээси болбой жатканын айтты. “Дос-туугандарды кызматка коюу илдетин токтотуу үчүн бийлик системин алмаштыруу керек. Эл бийликтин ээси болбой жатат. Элдин бийлиги шайлоодо гана көрүнүп, андан кийин соолуп калат. Жогорку Кеңеште эл өкүлү жок. Мындан улам элдин алдында эч ким отчёт бербей жатат. Эл бийликтин ээси болгондо гана бийликтегилер өздөрүнүн жакындарын кызматка алып келгенге барбай калат”, - дейт Чолпонбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Равшан Жээнбеков, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, саясат таануучу Сейтек Качкынбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан