Чаткалдагы кенге байланыштуу окуя боюнча кармалган 15 жаран чыгарыла элек. Сот алардын баш коргоо чарасын кароодо

Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы кенге байланыштуу окуяда камакка алынган 15 адам камактан чыга элек. Учурда сот алардын бөгөт кою чарасын карап жатат. Мындай маалыматты өздүк булактар билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн сот алардын баш коргоо чарасын карап, чечим чыгармакчы. Соттун чечимине жараша алардын камактан чыгарылышы же тергөө иштери бүткөнчө камакта калтырылышы дайын болот. Учурда 15 адам Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайында кармалып турушат.

Окуянын чоо-жайы:

Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Терек-Сай айылында 5-ноябрда кенге байланыштуу нааразычылык жаралып, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 3 кызматкери “Эти Бакыр Терек-Сай” алтын кен иштетүүчү аймакта кызматын өтөө учурунда жабыркаган. Анда жергиликтүү тургундардын бири кайтарылган ишкананын аймагына кирип кеткен. Тургун ишкананын аймагынан чыгарылып, бирок арадан көп убакыт өтпөй 10дон ашуун айылдашын ээрчитип келип уруш чыгарышкан.

ИИМдин билдирген маалыматына таянсак, жергиликтүү тургундар 3 кызматкерди таш бараңга алып, алар ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-берене (бейбаштык) жана 341-берене (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен кылмыш иштери козголгон. 2-декабрда окуяга катыштыгы бар Терек-Сай айылынын 14 тургуну суракка алынып, Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесинин негизинде 48 саатка камакка алынган. Акыркы маалыматтар боюнча кармалгандардын катарына дагы бир жаран кошулуп, жалпы 15 адам камакта турушат.

Кен иштеткен түрк фирмасынын иштешине каршы митинг 2-декабрда кайра башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан