"Манас" эл аралык аэропортунун жетекчиси Эмир Чукуев кызматынан кетип, жетекчинин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Абдималик Бусурманкуловдун дайындалганы талкууга түштү. Анткени анын бир тууган агасы Эмилбек Бусурманкулов учурда өкмөттүн аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп келет. Ошондой эле Бусурманкуловдор да, президент Сооронбай Жээнбеков да кара-кулжалыктар экени талкууга алынды. Ушул себептенби же башкаданбы, айтор, Абдималик Бусурманкулов аэропорттун жетекчисинин милдетин аткаруучу кызматынан алынды.
Буга чейин Каракол шаарынын мэри Адыл Каниметов президенттин агасы Жусупбек Шариповдун күйөө баласы экенин айтуудан баш тартып жүрүп, акыры ачыктаган. Ошондой эле өлкө башчынын кудасынын агасы Ыктыярбек Абжалиев "Мегакомдун" логистика бөлүмүнүн жетекчиси кызматына дайындалып, бир жума иштегенден кийин коомдогу нааразычылыктардан улам өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.
SUPER.KG порталынын "Бийликтин дос-туугандарын кызматка коюу илдети канткенде токтойт?" деген соболуна саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жооп берди.
Ал туугандардын бийликке келиши башка өлкөлөрдө дагы бар экенин айтып, бирок ал жактарда шайлоо системи ачык-айкын иштей турганын белгилеп өттү."Туугандардын бийликке келиши демократиялык Япония, АКШ мамлекеттеринде дагы бар. Япониянын мурдагы премьер-министринин небереси да кийин премьер болду, Америкада Жорж Буш президент болгондон кийин анын уулу дагы бийликке келди, Билл Клинтондун, кийин анын аялы Хилари Клинтонду айталы. Бирок бул өлкөлөрдө шайлоо процедуралары, шайлоо системи ачык-айкын иштейт. Бирок бизде бул маселеден оозубуз күйүп жатпайбы? Акаев, Бакиев учурунда ушундай болду. Азыркы бийлик мындайды кайталабайбы деген чочулоо болот да. Бүгүнкү күндө президенттин майлуу-сүттүү орундарга туугандарын алып келип жатканын көрө элекпиз. Токтотуунун кандай механизмдери бар дегенде, биз тарыхтан сабак алышыбыз керек. Негизи чечим кабыл ала турган саясий кызматтарда азырынча орчундуу каталар кетип, элге жакпай, кыжырына тие турган учурду азырынча байкай элекмин", - деди Сейтек Качкынбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Равшан Жээнбеков, Алмазбек Баатырбеков, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Каныбек Осмоналиев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Бакыт Бакетаев, коомдук ишмерлер Төлөгөн Келдибаев, Мукар Чолпонбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.