Кыргыз жеринде өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кадыржан Батыров Украинанын Одесса облусунда көз жумду.
Бул тууралуу "Азаттыктын" Өзбек кызматы анын жакындарынын маалыматына таянып жазып чыкты. Андагы маалыматтарга караганда, Батыров 4-декабрга караган түнү намаз учурунда көз жумган.
Учурда анын өлүмүнүн себеби жана сөөгү кайсы жерге берилери тууралуу маалыматтар айтыла элек.
Кадыржан Батыровго "2010-жылдагы Ош окуясын уюштурууга катыштыгы бар" деген айып тагылып, сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган.
Ал 2016-жылдын 20-сентябрында Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жыйынында 5 жылдан бери Швецияда жашап жатканын айткан.